Мектептин тарыхы
Кыскача тарыхы:
Билим берүү уюмунун түзүлүшү жөнүндө кыскача маалымат :жалпы негизги билим берүүчү мектеп. Мектеп 1985-жылы эксплуатацияга берилген. Бир кабаттуу, типтүү эмес, кубаттуулугу -120. Жалпы аянты -3111.2 кв.м. Мектептин аталышы –Ж.Саадаев атындагы толук эмес орто мектеби. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. БУнун миссиясы: «Окуу тарбия процессинде ата-энелер жана коомчулуктун жардамында ар бир окуучунун жекече мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык сапаттуу билим берүүгө, алган билимдерин жашоодо пайдалана билген адептүү инсанды тарбиялоо».
Билим берүү уюмундагы жетекчинин аты-жөнү жана байланыш маалыматтары: Осмонакунова Назира Ырысбековна.
Байланыш телефону: 0702622494. Кызматта- 2013-ж. 12-декабрь.
Мектептин дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй областы, Чүй району, Кызыл-Аскер айылы, Төлөгөнов көчөсү №27. Электрондук почта: [email protected] Веб-сайты: https: //saadaeva.mekmebim.
Эмблема
Мектептин концепциясы
Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.